Мазмунга өтүү

Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар

Википедия дан

Жыныстык жол менен берилүүчү инфекциялар (ЖЖБИ) — бул адамдан адамга, негизинен жыныстык байланыш аркылуу жугуучу инфекциялар.

Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар ата мекендик медицинада венерикалык оорулар тобуна киргизилген. Жыныстык жол менен жуккан 30дан ашуун ар кандай бактериялар, вирустар жана мителер бар. Жыныстык жол менен эң көп тараган оорулар: гонорея, хламидиялык инфекция, сифилис, трихомоноз, шанкр, жыныс герпеси, жыныс органдарынын папилломалары, адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) жана В гепатит инфекциясы.[1]

Жалпы маалымат

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЖЖБИ жыныстык катнаш аркылуу, анын ичинде вагиналдык, аналдык жана оралдык секс аркылуу тарайт. Мындан тышкары, бир катар ЖЖБИ кан же кан азыктары аркылуу дагы жугат. Көпчүлүк ЖЖБИ, анын ичинде хламидиоз, гонорея жана негизинен гепатит В, КИВ жана сифилис кош бойлуулук жана төрөт учурунда энеден балага жугушу мүмкүн.

ЖЖБИнин көпчүлүгү эч кандай жышаандарсыз же жеңил жышаандар менен коштолгондуктан, ЖЖБИ байкалбай калышы мүмкүн.

Айрым учурларда ЖЖБИ бул инфекциянын түздөн-түз таасиринен тышкары туум улоо саламаттыгына дагы кесепеттерин тийгизиши мүмкүн (мисалы, тукумсуздук же энеден балага жугуу). ЖЖБИнин энеден балага жугушу түйүлдүктүн өлүү төрөлүшүнө, жаңы төрөлгөн балдардын өлүмүнө, наристенин төмөн салмак менен жана эрте төрөлүүсүнө, сепсиске, пневмонияга, жаңы төрөлгөн балдардын конъюнктивитине жана тубаса аномалияларга алып келиши мүмкүн.

ЖЖБИ негизги жышаандары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЖЖБИ айкын жышаандары байкалбай эле өөрчүй бериши мүмкүн. Мындай оорулардын жалпы жышаандарына төмөнкүлөр кирет:

  • кын суюктугунун агышы;
  • заара жолдорунан суюктуктун агышы;
  • эркектердин заара учурунда ачышкан ооруксунууну сезиши;
  • жыныс органдарынын жарасы;
  • ичтин оорушу.[1]

ЖЖБИ алдын алуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кеңеш берүү жана жүрүм-турумду өзгөртүүгө багытталган ыкмалар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кеңеш берүү жана жүрүм-турумду өзгөртүүгө багытталган иш-чаралар ЖЖБИнин (КИВдин да), ошондой эле күтүлбөгөн кош бойлуулуктун алдын алуунун негизги жолу болуп саналат. Буга төмөнкүлөр камтылат:

  • Сексуалдык маселелер боюнча ар тараптуу агартуу иштерин жүргүзүү, тестке чейинки жана андан кийинки ЖЖБИ жана КИВ боюнча кеңеш берүү;
  • Коопсуз жыныстык катнаш / тобокелдикти азайтуу боюнча кеңеш берүү, презервативди колдонуу жөнүндө маалымат берүү;
  • Өспүрүмдөрдүн муктаждыктарына ылайыкталган агартуу иштерин жүргүзүү жана кеңеш берүү.

Мындан тышкары, кеңеш берүү адамдарды ЖЖБИнин жышаандарын таанууга жана алардын өздөрүн же жыныстык өнөктөштөрүн медициналык жардамга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Бөгөт ыкмалар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Презервативди туура жана ырааттуу колдонуу  ЖЖБИден, анын ичинде КИВден сактануунун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп саналат. Бирок алар денени толугу менен сактабагандыктан, тери  менен жыныстык эмес физикалык байланышта болгон учурда жугуучу ЖЖБИден (мисалы, герпес, венерикалык сөөл, сифилис, бит жана котур сыяктуу) толугу менен коргой албайт.

Коопсуз секс ЖЖБИ алдын алат

Коопсуз секс – жыныстык жол менен жугуучу ооруларды, айрыкча ВИЧти жуктуруу же жугузуп алуу тобокелдигин азайтуу үчүн ар кандай ыкмаларды же каражаттарды (мисалы, презервативди) колдонгон сексуалдык активдүүлүк.

Социалдык факторлор:

  • туруктуу өнөктөш менен жыныстык катнашта болуу;
  • жыныстык каалоолорду жыныстык катнашка чейин чектөө.

Коопсуз жыныстык катнашка эмне тоскоол болот:

  • ичимдик же баңги затын колдонуу;
  • эркектердин презерватив колдонууну жактырбагандыгы;
  • кокусунан болуучу сексуалдык байланыштар.

ЖЖБИни диагноздоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ЖЖБИни диагноздоого төмөнкүлөр кирет:

  • бактериялык сүртүм (микрофлорага өстүрүү)
  • кандагы козгогучтарга антитулкуларды издөө
  • ПТР ыкмасы аркылуу текшерүү (полимераз-чынжыр реакциясы) – ооруну аныктоонун  эң жеткиликтүү жана заманбап ыкмасы.
  • ИФА ыкмасы. TORCH инфекциясы. Бул аталыш оорунун козгогучтарынын - Toxoplasma, Rubella, Cytomegalovirus, Herpes - кош бойлуулук учурунда түйүлдүктүн нормалдуу өнүгүшү үчүн кооптуу болгон оорулардын аталыштарынын алгачкы тамгаларынан түзүлгөн.

TORCH инфекциясын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү пландаштырылган кош бойлуулуктан 2-3 ай мурун жүргүзүү туура болот. Бул тиешелүү дарылоону жүргүзүүгө жана алдын алуу чараларын көрүүгө мүмкүндүк берет.

Материалдарды чогултуу ыңгайсыздыкты жаратпайт жана аз гана убакытка созулат.

Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын скрининги (текшерилиши) Кыргызстандагы көптөгөн медициналык лабораториялардын белгилүү анализдер топтомуна киргизилген.

Азыркы мезгилде айрым ЖЖБИ натыйжалуу дарылоо ыкмалары бар.

  • Үч бактериялык ЖЖБИ (хламидиоз, гонорея жана сифилис) жана бир мите ЖЖБИ (трихомониаз), эрежеге ылайык, натыйжалуу бир дозалуу антибиотик схемалары менен дарыланат.
  • Герпес жана КИВ үчүн эң натыйжалуу медикаменттер – бул толук түрдө айыгууну камсыз кылбаган, бирок ооруну жеңилдете турган антиретровирус дары-дармектер.
  • Гепатит В үчүн иммуномодуляторлор (интерферон) жана антиретровирустук дары-дармектер бар, алар вируска каршы күрөшүп, боордун бузулушун жайлатышат.

Айрым ЖЖБИнин алдын алуучу биомедициналык иш-чараларга чоӊ эркектердин сүннөткө отургузулушу кирет.

  • Эркектерди сүннөткө отургузуу гетеросексуалдык эркектер арасында КИВ инфекциясын жуктуруп алуу коркунучун болжол менен 60% га төмөндөтөт жана герпес жана HPV сыяктуу башка ЖЖБИден коргойт.[2]

Жоопкерчилик

Кыргызстанда адамдын иммундук жетишсиздик вирусун же адам өмүрүнө кооптуу болгон башка айыккыс жугуштуу ооруну жуктуруу кылмыш жоопкерчилиги катары каралат. Андай адамдар түзөтүү жумуштары менен жазаланып, айып пул салынат жана үч айдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.[3]

  1. Глобальная стратегия профилактики инфекций, передаваемых половым путем, и борьбы с ними, 2006-2015 гг. –С. 6-7.  ISBN: 978 92 4 456347 2